19.10.2018 14:27

Бишкек-Торугарт унаа жолу 4 саатка жабылат

Бишкек-Торугарт унаа жолу  4 саатка жабылат

Бишкек-Торугарт автомобиль жолу эртен, 20-октябрда 4 саатка жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматта, поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018- жылдын 20-октябрында Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөрү айтылат.

«Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан саат 11-00 дөн тартып, 15-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат. Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт», -дешет ишканадан.